www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы Жердин температурасы үч миллион жылдан бери жогорку көрсөткүчкө жетип, адамзатты климаттык кыйроого жакындатты. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш «Петерсбергский климатический диалог» форумунда сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.

«Өткөн жылы дагы күтүүсүз климаттык өзгөрүүлөр, кырсыктар көп болду», - деди Гутерреш.

Анын айтымында, абада көмүр кычкыл газынын концентрациясы 148 пайыз болуп эң жогорку тепкичке жеткен.

Гуттереш бул үч миллион жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин белгилеген. Ага чейин Жердин температурасы үч градуска, деңиз деңгээли 15 метрге жогору болчу.

БУУнун башкы катчысы адамзат жардын кырында турганын айтып, калабаны алдын алуу үчүн дүйнө эли таза жана жашыл жолду тандап, биргелешип иш алып барышы керектигине токтолгон.

Булак: NazarMews.kg

Последние новости