www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жердин тоңу эрип, чыныгы жаз келди

Байкап көрсөк, кыргыздын эсепчилери күнү бүгүнкүдөй так эсептешкен экен. 10 мартта «томуктай жерде кар (муз) калбай жаз жыттана баштайт» дешкен. Жаз жыттанарын жыттанды, ошондо да эсепчилерди түйшөлдүргөн бир нерсе болгон. Ал ала шалбырт жазында үшүк жүрүп, же илгеркиче жут болбойбу деген. Жут кыргыздарды өзгөчө кооптондурган. Анткени жер көктөбөй ушул кезде жаз кечиге турган болсо, ансыз деле колду карап турган ал кездеги малга өтө оор болмок. Ал кезде азыркыдай тоют каякта, кой кызылгуут болуп биринин жүнүн бири жей баштаган. Мындай чоң жуттар да болгон. Ал эми үшүк кийин оруска кошулуп алма-өрүк тиккенде чыга баштаса керек. Айрыкча өрүк эрте гүлдөп апрель-май айындагы үшүккө тез алдырат. Эсепчилердин айткандарына көңүл буруп тыянак чыгарсак, «кемпир ыйлаак» бугу чыгып кетти, себеби ошол учурда кар жаады, демек катуу үшүк болбойт, болсо да жеңил үшүк келип кетери мүмкүн. 26- февралдан 10- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 10- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Бул төртөө кетип атканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот. «Кемпир ыйлаактын» келиши жаздын кандай болоорун аныктап койгон. Жаз жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Эсенбай эсепчи ушул «кемпир ыйлаактын» ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп жатат өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган. Эсенбай эсепчи Үркөрдүн жердеги тиричиликке таасир этээрин билген. Малдын куутун да Үркөргө карата аныктаган. Үркөр батмайын жерге жылуулук кирбейт, Үркөр таң алдында чыкканда жай бүтөт, шүүдүрүм түшөт. Жаңырган Айды карап туруп, Ай чалкалап жаңырса «өзүнө жайлуу, өзгөгө жайсыз» деген. Мындайда, эгер кыш болсо, анда өтө суук же бороон-чапкын, жай болсо абдан ысыктык (кургакчылык) же баш-аягы жок жаан-чачын күтүлгөн. Август айында эликтерде куут башталып, сентябрь айларында куут бүтөт. Бугу «Баш оонанын» аягында ышкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп калган чагы. Бугу баш оонанын аягында, аяк оонанын башында баш оогон жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона дейт.Августтун 15 жарыгы «сүмбүлө маалы», 15 караңгысы «мыйзам маалы» аталат. Аяк оона 19 жаңысынан тогойт деген көз караш бар, бирок тогоол белгиси анык эмес, абадагы өзгөрүш анчейин болбойт.

Последние новости