www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун алкагында компьютердик тестирлөөнү аяктады.

Кеңештен билдиришкендей, конкурска катышууга 265 талапкер документ тапшырган.

Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча төрт талапкерге конкурстук тандоого катышууга уруксат берилген эмес, дагы бир талапкер өз талапкерлигин чакыртып алып, конкурска андан ары катышуудан баш тарткан.

Компьютердик тестирлөөгө 138 талапкер чакырылган. Анын жыйынтыгы боюнча 73 талапкер Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өттү.

Тогуз талапкер тестирлөөгө белгисиз себептерден улам келген эмес.

Босого балл алган талапкерлерге кеңештин чечиминин негизинде, топтогон баллы көрсөтүлгөн экзамен тапшыргандыгы тууралуу сертификат берилет.

Компьютердик тестирлөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат эки жылга чейин жарактуу.

Белгилей кетсек, конкурстук тандоо төмөнкү этаптардан турат:

  • компьютердик тестирлөө;
  • жазуу тапшырмасын аткаруу;
  • берилген документтерди баалоо, маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарды аныктоо үчүн маектешүү.

Последние новости