www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-ноябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында инвестицияларды колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.

Демилгечи депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору биринчи кезекте өлкөнүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн иш орундарын түзүүгө, мигранттардын өлкөгө кайра кайтып келүүсүн камсыздоо менен аларды жумушка орноштурууга багытталганын белгиледи.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана “Которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын райондук мамлекеттик администрацияга жерлерди жеке турак жайларды курууга которуудан тышкары, айыл чарба багытындагы жерлерди (жайыттарды) жерлердин башка түрлөрүнө же жерлердин башка категорияларына которууга мүмкүндүк берүүчү ченем менен толуктоо сунушталууда.

Жыйында айтылгандай, азыркы учурда эң перспективдүү деп экспортко-багытталган өндүрүш ишканалары, инновациялар жаатындагы ишканалар жана ИКТ, ошондой эле туризм, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр секторундагы ишканалар эсептелет. Ушул мыйзамдык-ченемдик укуктун долбоорунун кабыл алынышы аталган бардык ишканаларга таасирин тийгизет.

Талкуу маалында депутат Айнуру Алтыбаева мыйзамдагы "башка жерлер" деген түшүнүктү алып салууну сунуштап, буга коррупциялык жагдайлар жаралышын жүйө келтирди.

 

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов аталган мыйзам долбоору Өкмөттөгү бюрократияны жоюп, жерлерди трансформациялоо ишин жергиликтүү бийликке берүүгө багытталганын белгилеп, эл өзү чечиши керектигин кошумчалады.

 

Ошондой эле айрым депутаттар аталган мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгуу керектигин билдиришти.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.Бул тууралуу Жогорку Кеңштин басма сөз кызматы билдирди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости