www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Саймалуу-Таш" улуттук паркынын аймагында мал жайылып жүрөт. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун тургуну Кыргыйбек Молдожунусов социалдык баракчасына жазып чыкты. 

--"Саймалуу-Таш жаратылыш паркы - бул Тогуз-Торолуктардын эле жери эмес. Бул жалпы кыргызстандыктардын улуттук байлыгы, тарыхый мурасы. Петроглифтер (чиймелүү таштар) жыш жайгашкан жерлердин арасынан Саймалуу-Таш дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Бул тарыхый жер дүйнө жүзүндөгү көп туристтердин, көп илимпоздордун жетпей жүргөн кыялы десек жаңылбайбыз.

Эми ушундай аздектей турган корукта акыркы күндөрү эмне үчүн төрт короо - 3000ден ашык кой жайылып жүрөт? Тарыхый эстеликтерди талкалап, илимий изилдөөлөргө тоскоол болуп, улуттун намысын ким тепселеп жатат? Корукта кой жаюуга мыйзамда жол берилбейт да, муну билген жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматкерлер жокпу?

Элдин айтымында бул койлордун кожоюну Сузак районунда болушу мүмкүн. Каршылык көрсөткөндө натыйжа бербей жатат, анткени алардын артында таянган күчү чоң деп жатышат. Урматтуу мекендештер, келиңиздер, ушул маанилүү көйгөйдү чечкенге ар бирибиз үн кошолу", - дейт тургун.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости