www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутаттарга Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун эмне үчүн парламенттин уруксаатысыз кармалганын түшүндүрдү.
Бүгүн, 22-сентябрдагы жыйында депутат Евгения Строкова Конституцияда эч нерсе түп тамырынан өзгөрбөгөнүн белгилеп, "эмнеге биздин кесиптештерибиз биздин уруксаатсыз камакка алынды?" деп сурады .
"Мурун өзгөчө оор кылмыш жасалганда депутатка каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн болчу, азыр ишти каттоого оор кылмыш жетиштүү. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров шектүү катары камакта. Кылмыш кодексине ылайык, парламенттин уруксаты айып тагылган учурда керек", - деди башкы прокурор.
Эске сала кетсек, Зулпукаров менен Жээнбеков "Кумтөр" ишине тиешеси бар делип кармалган. Алар 30-сентябрга чейин камакта болушат.
Булак: NazarNews.kg