www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: АКШ вакциналар менен мындан ары да бөлүшөт

АКШ президенти Джо Байден 22-сентябрда COVID-19 боюнча виртуалдык саммит өткөргөнү жатат. Америкалык лидер вакциналар менен бөлүшүү программасын жарыялайт деп күтүлүүдө.

Бир күн мурда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө Байден Кошмо Штаттар башка өлкөлөрдө колдонулган 160 миллион доза вакцинаны каржылоого 15 миллиард доллар жумшаганын билдирген. Президент пандемияга каршы глобалдык күрөштүн алкагында Вашингтон өзүнө алган дагы бир нече жаңы милдеттенмелерди жарыялайт.

Саммит АКШнын өзүндө COVID-19дун толкуну басаңдабай турган маалда өткөнү жатат. Акыркы бир жумада күнүнө орточо алганда коронавирустун 137 миң учуру, 2 миң 300дөй кишинин өлүмү катталып келди.

Виртуалдык иш-чарага Башкы ассамблеяга чогулган лидерлер катышып, вакциналарды тегиз бөлүштүрүү маселесин талкуулоо үчүн Чоң Жетинин чукул жыйынын өткөрүп өткөрбөөнү да караштырмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости