www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Карамат Орозова Баткен шаарында дагы деле таза суу жок болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

--"Таза суу боюнча кандай долбоор келбесин биз колдоп келебиз. Бирок жыйынтыгы абдан начар болуп жатат. Бул тууралуу анализ кылуу керек. Баткен шаарында таза суу боюнча долбоор 2020-жылдын аягында бүтүп, суу чыгышы керек болчу. Мына 2021-жыл болду азыркыга чейин суу жок. Баткенге өзгөчө макам берилгенине карабай таза суу менен камсыз кылып бере албай жатабыз. Шаарда таза суу жок", - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости