www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй кенинен былтыр төрт тоннадан ашык алтын казылды

Талас облусундагы Жерүй алтын кенинен 2023-жылы 4 тонна 400 кг алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу “Альянс-Алтын” компаниясынын Фейсбуктагы баракчасына 13-мартта жарыяланды.

Маалыматка караганда, "Альянс-Алтын" компаниясы Жерүй кени ачылгандан 2023-жылдын аягына чейин 15 млрд. 42 млн. сом өлкөнүн бюджетине салык түрүндө төккөн.
Мындан сырткары, Талас облустук өнүктүрүү фондуна 540,9 млн сом, Талас райондук өнүктүрүү фондуна 324,5 млн сом жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна 216,3 млн сом которгон.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өткөн Жерүй кенин иштетүү укугу орусиялык “Альянс-Алтын” компаниясына берилген.

Кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Кыргызстандын бул ишканада үлүшү жок калганын жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтиришкен.

1969-жылы чалгындалган Жерүйдө 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар экени айтылган. 

Последние новости