www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду (7 июля 2023 года № 133). Бул тууралуу президенттин басма сз кызматы маалымдайт.
Маалым болгондой, мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодесине жазапулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолу менен жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруунун жагдайларын караган укук бузуулар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди.
Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодекси жаңы 2121 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталат.
Мындан тышкары мыйзам долбоорунда Министрлер кабинетине:
– жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо;
– азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.
Булак: NazarNews.kg