www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ала-Арча” жаратылыш паркына "А" тамгасынын формасындагы коттедждер салынып, эс алуу аймагы курулуп жатат. Мындай коттеджден 25 даана салынып, эс алууга баргандарга бир суткага 200 доллардан берилет экен. Ал жерде көңүл ачууга ылайыкташкан ресторан дагы салынып жатыптыр.

Эми ушул жорук мыйзамдуубу? Атайын жаратылышты коргоо аймагы болуп саналган парктын экологиясын бузуп курулуш иштерин жүргүзгөн кылмышка ким жооп берет?

Президенттин иш башкармалыгын жетектеген Каныбек Туманов акча чыкчу кызарган жер болсо эле баса калып, бизнес кылганды өнөр көргөн, акчанын артынан тоголонгонго өтө эптүү неме, жоопкерчилик дегенди билеби? Мамлекеттик ишти ишкерлик менен аралаштырып, анын эси-дарты пайдага туйтунууга байланып калыптыр.

Мына "Ала-Арча" аймагына салынып жаткан эс алуу жайларынын айланасындагы, ага барчу жол салынып, жердин кыртышы сыйрылып, жолдун четиндеги бак-дарактар кыйылып ишпалдасы чыгыптыр. Өзүм билемдиктин айынан "Ала-Арча" жаратылыш коругу талкаланып жатат. Деги мындай жорук токтойбу?

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов "Ала-Арчага" эс алуу жайларын куруш керек деп парламентте ач-айкырык салып жүрдү эле, ушул иштен ошонун дагы кулагы чыгышы мүмкүн. Булар акча дегенде экология, жаратылыш тургай, көзүнө көрүнгөндү саткандан кайра тартышчудай эмес...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости