www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Пермь шаарында цирк артистин сабаган деп шектелген жаран Кыргызстандан кармалды. 

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 3-июлга караган түнү Пермь циркинин мейманканасында жеке күзөт ишканасынын кызматкерлери менен артисттер уруша кетишкен. Кароолчулардын бири машыктыруучу Игорь Корчагинди урганда полго жыгылып, башынан жаракат алган.

12-июлда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча шектелип 20 жаштагы С.И. кармалган. Ал Пермь шаарына жеткирилип, СИЗОго киргизилген.

Шектүү суроолорго жооп берип жатып, эмне үчүн кармалганын билбей турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости