www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарына алтын сатты

Ушул жылдын беш айында Кыргызстан чет өлкөгө 1,7 тонна алтын саткан. Анын эсебинен өлкөгө 109,2 млн доллар түшкөн.

Бир айда, апрель айынын аягынан майдын аягына чейин экспорттолгон алтындын көлөмү 334 миң 933,8 граммга же 10 миң 768 унцийге көбөйгөн. Бардык партия Бириккен Араб Эмираттарына сатылган. Баалуу металлды БАЭге жеткирүү өлкөгө 21,3 миллион доллар киреше алып келген.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарына алтындын унцийин 1 миң 975 доллардан саткан деген бүтүм чыгарууга болот. Кошумчалай кетсек, былтыр ушул учурда БАЭге алтын экспорттолгон эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости