www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Атырау облусундагы "Шанырак" балдар үйүндө тарбиялануучулар дааратканадан суу ичип, заңын жегенге мажбур болушкан. Бул тууралуу Astana Tv телеканалы маалымдайт.
Кадрда Балдардын укуктары боюнча акыйкатчы Динара Закиева көзөмөл камераларын карап жатканда кыздардын бөлмөсүнөн белгисиз адам көрүнгөн. Эң кызыгы мекеменин кызматкерлери анын ким экенин атай алышкан эмес.
Андан кийин үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн тарбиялануучусу балдардын күнүмдүк жашоосунун коркунучтуу учурларын айтып берген.
"Бизде Медет аттуу бала бар. Ал дааратканага баргандан кийин, андагы заңын мажбурлап жедирген. Мындан кийин Медет менен эч ким сүйлөшпөй калган. Мындай окуялар дээрлик баарында болгон", - дейт балдар үйүнүн тарбиялануучусу.
Бул окуя боюнча Атырау облусунун милициясы төмөнкүлөргө токтолду:
"Атырау ШИИБ тарабынан "Шанырак" балдар үйүнө карата Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренесинин 2-бөлүгү (Жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Башка маалыматтарды Казакстан Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 201-беренесине ылайык жарыялоого болбойт", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Ал эми Атырау облусунун билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, аталган балдар үйүнө прокуратуранын кызматкерлери барганын жана балдар үйүндө директор алмашкан.
Булак: NazarNews.kg