www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чоң жетиге” кирген өлкөлөр Вильнюста өткөн саммитте Украинанын коопсуздугун камсыздоо боюнча билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Декларацияда Киевди узак мөөнөттүү колдоонун негизги чаралары белгиленген. Биринчиден, бул Украинаны азыр коргоого жана келечекте Россиянын ыктымал агрессиясын токтотууга жардам берүү. Чоң жетилик Украинаны заманбап курал-жарактар менен камсыздоого, украин аскерлерин машыктырууга жана чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүгө милдеттенме алат.
Мындан тышкары “Чоң жети” Украинанын энергетикалык коопсуздугун жана экономикасын чыңдоого, анын ичинде согуштан жапа чеккен өндүрүштөрдү калыбына келтирүүгө жардам берет.
Келечекте Россия Украинага каршы агрессиясын кайталаса, “Чоң жети” Украинага тез арада аскердик жана экономикалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү болот. Бул учурда чыгымдар үчүн эсеп-дүмүрчөк Россияга жөнөтүлөт.
Өз кезегинде Украина демократияга берилгенин, адам укуктарын жана сөз эркиндигин сыйлаганын далилдөө үчүн бир катар реформаларды жүргүзүүгө милдеттенме алат. Киев экономиканы туруктуу өнүгүү жолуна салууга, ошондой эле армияга демократиялык көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш.
“Чоң жетиге” АКШ, Германия, Япония, Франция, Канада, Италия жана Британия кирет.
Булак:NazarNews.kg