www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдогу сапатсыз салынган жолдон мамлекет 1 млн 792 миң 887 сом өлчөмүндө зыян тартканын Башкы прокуратура жар салды.

Бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-статьясы менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, аталган жол Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусун жетектеп турганда салынган. Көлгө барганда баскан-турганын пиарлагандан башка колунан кыйраткан иш келбей, кызматын тез эле өткөрүп качты эле. Эми минтип артынан сапатсыз ишинин былыктары чууруп чыгууда. Прокуратура жакшылап казса, жол салуудан желип кеткен кылмыштуу иштен, балким, Алтынбек Сулаймановдун кулагы чыгышы ажеп эмес.

Андыктан, кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп, кылмыш иши жең ичинде бүтпөй ачык-айкын жүргүзүлсө, мындай кылмыштуу иштер, ошол тармакка жооптуу болгон үлкөндөргө келип такалаары турган иш.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости