www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алган "Альянс Алтын" компаниясы орусиялык "ВТБ банктан" 180 миллион доллар насыя алат. Компаниянын расмий өкүлү Данияр Жаныкулов "Азаттыкка" билдиргендей, лицензияны күрөөгө коюу үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен 2018-жылдын сентябрында уруксат алынган. Андан соң банк менен келишим түзүлгөн.

Жаныкулов лицензия күрөөнүн бир бөлүгү экенин белгилеп, негизги кепилдик компаниянын жеке капиталы жана мүлкү экенин айтты. Бирок Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси алмашкан соң лицензияны күрөөгө коюу тууралуу чечим артка чакыртылган. Учурда тараптар бул жаатта сүйлөшүүнү улантып жатат.

Насыя алтын иштетүүчү фабриканы жана чыгынды сактоочу жайды куруу үчүн суралган. Айрым басылмалар насыянын 10 миллион доллары берилгенин да жазып жатышат. Жаныкулов насыянын биринчи траншы келгенин, бирок так суммасы тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин адистери маалымат текшерилерин билдирди.

Жерүй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык алдын-ала иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости