www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин ымыркайлардын оорусу кабылдап кеткен учурлар катталды.

Бишкектик Камила Судольская ​кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин ымыркайынын колтугундагы без чоңоюп кеткенин социалдык тармакка жазып чыккан. "Азаттык" аны менен байланышканда буларды айтып берди:

- Мен шаардагы 5-төрөт үйүндө көз жаргам. Баламды эртеси күнү эле эмдешти. Бизден жазуу түрүндө макулдук алышкан эмес. Вакцина сайгандан кийин гана бир кагазга кол койдурушкан. "Кургак учукка каршы эмдеп жатабыз" деп айтышкан. Аллергиясы барбы же жокпу, анысын эч ким текшерген эмес. Вакцинадан кийин баланын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп кетти. Ага эч ким көңүл бурган жок, сурап да коюшпады.

Ымыркайдын колтук бездери шишип, кабылдап кеткенден кийин энеси дарыгерлерге, андан кийин Бишкектеги тиешелүү диспансерге мажбур болгон. Ал жактан күчтүү дары жазып беришип, андан баланын ичеги-карды жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости