www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тоо ичинде аттан кулап, жаракат алган өспүрүм куткарылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Ырдык коктусунда катталган. Анда 2013-жылы туулган өспүрүм аттан кулап, моюн аймагынан жаракат алган.

Окуя болгон жерге барган ӨКМдин куткаруучулары жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, аны коктудан аман-эсен алып түшүшкөн.

Андан соң өспүрүм тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп берилген.

Учурда анын абалы тууралуу кошумча маалымат такталууда.

Последние новости