www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат. Бул тууралуу журналисттерге агенттигине райондун акими Эрмек Бахавидинов билдирди.

Анын айтымында, жалгыз бой энелерге арналган социалдык шаарча кайрымдуулук фонд тарабынан курулуп жатат. Бул үчүн айылдан 3 гектар жер бөлүнүп берилген.

Район жетекчиси белгилегендей, шаарчага бардык шарттары каралган 100 үй түшөт, ичине эмеректен баштап, кийим-кечегине чейин киргизүү пландалууда. Курулуш иштери май-июнь айларында толук бүткөрүлмөкчү.

“Шаарчага ФАП, кичи футбол аянтчасы, кондитердик цех, мечит курулат. “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду дагы 50 орундуу бала бакча куруп берүүнү убадалады. Бул демилге да ишке ашса, бала бакча да салынат. Шаарчанын долбоорунун жалпы сметалык баасы 170 млн сомдун тегерегинде болуп жатат”, – деди ал.

Ошондой эле Эрмек Бахавидинов кошумчалагандай, дагы бир кайрымдуулук фонддун көмөгү менен райондо үч үй жана мечит курулуп, пайдаланууга берилди.

“Ал үчүн биз 15 сотых жер бөлүп бергенбиз. Азыр үйлөргө үч жалгыз бой эне балдары менен кирип жашап жатат”, - деп айтты аким.

Последние новости