www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда абакта жаткан Аида Салянованын тарапташтары анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө чакырган жана ишти президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алышын өтүнгөн кайрылуу жөнөтүштү. Кайрылууга 7 миңдей адам кол койгон. Кайрылууда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Аида Салянованы негизги күнөөкөр кылуу аракети жүрүп жатканы айтылган.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кат жиберген. Бирок бул маселе али чечиле элек, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg