www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Табалдиевди таба алышабы?

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. ИИМ тараткан маалыматта:

"ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна" байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды" — деп айтылат.

Белгилей кетсек, ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишине шектүү катары изделип жатат. Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөн Аскар Шадиев АКШга качып кеткен. Ал өзүнө кылмыш иши козголгонго чейин байлыктарынын бир тобун сатып жиберген эле, деп өз пикирин коомчулукка жарыялаган "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости