www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы ири темир кендеринин бири болгон Жетим-Тоо кенин иштетүү маселеси кайрадан коомдук талкууга чыкты. Буга «Кумтөр» компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн кенди мамлекет өзү заманбап технологиялар менен иштете алат деген билдирүүсү себеп болду.
Бөлтүрүктүн айтымында, Жетим-Тоодо темирдин кору чоң болгону менен, рудадагы темирдин үлүшү болжол менен 27–32% гана, ал эми металл өндүрүүгө ылайыктуу деңгээлге жеткирүү үчүн байытуучу завод куруу зарыл. Анын эсебинде мындай ишканага 500–600 млн долларга чейин каражат талап кылынат.
Ал эми мурдагы премьер-министр Темир Сариев кенди өздөштүрүү оңой иш эмес экенин айтып, долбоордун ийгилиги кендин көлөмүнө гана эмес, технологияга, кайра иштетүүгө, инфраструктурага жана чыгымдарга байланыштуу экенин белгиледи. Анын пикиринде, алгач темир концентратын өндүрүп, андан түшкөн киреше менен кийинки этаптарды ишке ашыруу керек.
Президент Садыр Жапаров да буга чейин Жетим-Тоону мамлекет өзү иштетүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген. Анын айтымында, кенди толук кандуу иштетүү үчүн завод куруу керек болуп, долбоорго болжол менен 9 млрд долларга жакын каражат талап кылынышы мүмкүн.
Эксперттер болсо азырынча кендин так кору толук аныктала электигин белгилешет. Ар кандай маалыматтарда Жетим-Тоодо 3,5 млрд тоннадан 10 млрд тоннага чейин темир рудасы болушу мүмкүн деген божомолдор айтылат, бирок так геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Жетим-Тоо маселеси Кыргызстан үчүн экономикалык мүмкүнчүлүк гана эмес, стратегиялык чечим болуп турат. Негизги суроо — кенди ким жана кандай шартта иштетет, өлкөгө канча пайда алып келет жана экологиялык талаптар кандай сакталат деген маселелер бойдон калууда.