www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22 жаштагы Илья Метлицкий 20 жаштагы сүйлөшкөн кызы  Анастасияны акча үчүн мыкаачылык менен өлтүргөн. Азыркы учурда кылмыш ишинин соттук отурум уланууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 2018-жылдын 6-майында Санкт-Петербургдагы бир бөлмөлүү батирде болгон. Кандуу окуя эки жаштын ортосундагы уруштан чыккан.

Метлицкий Анастасияны жалпы 107 жолу бычак менен сайган. Өлтүргөндөн кийин ал күзгүнүн жанында туруп, кыздын жерде жаткан жеринен бери алып сүрөткө түшүп, аны тааныштарына жиберген. 

Метлицкий сотто адам өлтүргөнүн моюнга алган. Анын айтымыда, Анастасия экөөнү  бир гана спирт ичимдиги менен жыныстык катнаш байланыштырып турган. Сот 7-ноябрда өкүм чыгарары күтүлүп жатат. Жигит 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми Анастасиянын башка жигитинин айтымында, ал Анастасия менен 2018-жылдын февраль айында таанышкан. Кыз журналистика факультетинде окуурун, тергөө комитеттинде иштерин айтып, кийин анын баары калп экени ачыкка чыккан. Ошентсе деле ал Анастасиянын картасына миллион рублга чейин акча которуп турчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости