www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга келген мигранттарды өлкөдөгү бош айылдарга жөнөтүү керек. Мындай пикирин Орусиялык саясатчысы Владимир Жириновский "Комсомольская правда" радиосунун эфиринде айтты.

“Биз мигранттарга Орусиянын бош калган айылдарынан турак жай беребиз, ошол жерде жашашсын. Алар жакшы дыйкандар. Мисалы, казактар ​​менен кыргыздар көчмөн ... Ал эми тажиктер менен өзбектер дыйкан”, - деди саясатчы.

Анын айтымында, мындай ыкма бир эле мезгилде бир нече көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет. Бир жагынан, өлкөдө калктын саны өсмөк, экинчи жагынан, бош үйлөр жана жерлер маселеси чечилмек.

Ошондой эле, ал орусиялык компаниялар биринчи кезекте орусиялыктарды, андан кийин гана мигранттарды жалдашы керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда, “тажик же өзбек жумушчуларын алууну каалаган фирмалар аларды атайын поезддерддер менен долбоорлоочу жайларга алып келип, убактылуу жатакана менен камсыздап, андан кийин үйүнө жеткириши керек”, - деп түшүндүрдү ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости