www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алып колдоп беришти.

Кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети отурумунда Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алып берген болчу.

Жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев шаардын атын өзгөртүү сунушун жергиликтүү тургундар бергенин айтты.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.

Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүгө болжол менен 15 млн сом сарптала турганы, чыгым демилгечи болгон Жалал-Абад мэриясына жүктөлө турганы айтылган.

Бул каражат флагштоктогу «Жалал-Абад» жазуусун алмаштырууга, шаардагы аталыштар менен тактайчаларды өзгөртүүгө жана башка иштерге жумшалат. Бул иштер мыйзам кабыл алынгандан кийин жарым жылдын ичинде бүтүшү керек.

Последние новости