www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чыңгыз Айтматов” атындагы лицейди прокуратура текшерет. Учурда көз карандысыз аудит иш алып барууда.

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында ЖК депутаты Аида Исмаилова Сокулук районундагы “Чыңгыз Айтматов” атындагы лицейдеги текшерүү иштери боюнча Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага суроо узатты.

Министрдин айтымында, аталган мектеп 1000 балага ылайыкташса да, учурда 4500 окуучу окуйт. Президенттин буйругу кийлигишүүсү менен кошумча окуу имараты да курулат. Окуучулар мектептин фондуна 500 сомдон 5-класска чейин, ал эми  6-класстан баштап 700 сомдон төлөйт экен. “Мектептин фонддунда 60 % ата-энелер мүчө экен. Бул фонддун акчасынын көбү мугалимдердин айлыгына кошумча каражат катары төлөнөт экен. Биз 30-апрелге чейин убакыт алдык. Азыр прокуратура да текшерип жатат. Андан кийин бир чечимге келебиз”-деп айтты Г.Кудайбердиева.

Аида Касмалиева: “Мектепке окуучулар батпай жатса, жатак корпусу да бар экен. Бул кандай? Мектеп директору Абдуллаева: “депутаттардын арасында менин тааныштарым бар. Мени кетире албайсыңар”- деп жаткан экен. Ушуну да эске алгыла”-деген тапшырма берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости