www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Алтынбек мырза, Кубакы ашуусунда өткөн уранды иштетүүгө каршы митингге сиз да катышып келген турбайсызбы, ал жерде кандай сөз болду?

- Биз Балыкчы шаарынын, Тоң жана Кочкор райондорунун тургундарынын чакыруусу менен бардык. Себеби, ага чейин «рудникке чейин барсак коопсуздук кызматы киргизбей койду, депутаттар, силер эмне үчүн келбейсиңер?» деген таарынычтар, өтүнүчтөр болгон. Биз барып, кырдаал менен жеринде тааныштык. «Чалгындоо жасайбыз» деп компаниядагылар ар кайсы тоону эле казып атышыптыр. Жүз жылдап жаткан уранды ачып жатышат да. Эл ушуга нааразы. Арзыбаган акчага кызыкпаш керек, себеби, мунун аркасынан чоң зыян келет. Ал эми чукул арадагы зыянды айтсак, Ысык-Көлдүн өрүк, алма сыяктуу жер-жемиштери өтпөй калат. Туризм токтойт. «Туризмден 400-500 млн. доллар алабыз» деп чамынып атабыз, ал токтойт. Ал эми келечектеги чоң зыян: бала-чака, небере-чөбөрөлөрүбүз майып болуп төрөлүшү мүмкүн. Ошон үчүн казганды токтотуш керек. Рудникти иштетсе дагы ал жерге уран калдыктарын сактоочу жайларды курбай, башка жактан иштеткендери оң болот. Элди жүз пайыз ишендирип, ынандырмайынча, ал ишти токтото туруу керек. Мен бул боюнча өкмөткө маселе коём.

- Уран ал жерде иштетилбейт, руданы алып, Кара-Балтадагы комбинатка алып кетишет деп атышпайбы?

- Ал чындык. Бирок, жергиликтүү эл «такыр эле ачпагыла, жөн жаткан нерсе жөн эле жата берсин» деген талапты коюшууда.

Керим МУРАС

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости