www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ардагер аталарыбыз унутта калган жок...

20- Апрелде ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаевдин тапшырмасы менен ЖАМКда иштеп кеткен ардегерлерди келе жаткан 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш күнү менен ЖАМКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Алимбай Нышанбаев үйлөрүнө барып, куттуктап чыкты. Ардагерлерге төраганын атынан жылуу каалоо тилектер айтылып, ардагер аталарыбыздын эмгеги чоң экенин, бизге жаркын жашоо апкелип, согуш талаасында кан кечип мекенди коргоп келгени азыркы муундар үчүн чон сабак экенин, баса белгиледи. Ошону менен бирге ЖАМКнын атынан даярдалган чакан азык-түлүк жана 2000 сомдой акчалай жардам дагы тапшырылды. 84 жашка таяп калган ардагер Мийманбаев Нуру атабыз ЖАМКнын төрагасына жана кызматкерлерине ыраазычылыгын айтып, куттуктап чакан белегин берип жибергенине чоң ыраазычылыгын билдирди. Мындай куттуктоолор, көңүл буруулар чоң дем берип турарын да жашырган жок.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости