www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-апрелден тарта Кызыл-Омпол кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан атайын техника аталган аймактан чыгарыла баштады. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Абулгазиев, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган топ Тоңго жөнөп кеткен. Алар жергиликтүү эл жана ишкана өкүлдөрү менен жолугуша тургандыгын кабарлады.
Эске сала кетсек, Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултууда. Көпчүлүк уранды чалгындоо иштерин токтотууга каршы экендигин айтышууда.
«Уран-238" жоготобу же оңолтобу? Тарыхка сарасеп салып көрсөк...
Уран кендери Тоң районунда Кызыл-Омпол тоосунун Кочкор району менен чектеш түндүк капталында жайгашып, геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кызыл-Омполдун уран-торианит чачыранды кендерине Баке, Таш-Булак, Узун-Сай, Түндүк, Оттук кендери кирет. Урандын рудадагы орточо өлчөмү 0,052 пайыз. Руданын кору жана ресурсу: Уран 3 500 тонна, торий – 8 540 тонна, фосфор -10 000 тонна, цирконий - 34 000 тонна жана титаномагнетит – 1 600 000 тонна. Урандан «Уран-238» алынат Кен жаткан жердин аймагы абдан чоң. "Таш-Булак" кенинде ренит чачырандысы кесек түрүндө жайгашкан. Уран, торий, цирконий, фосфор, титаномагнетит — бардыгы жөнөкөй кумда болот. Кендин радиациясы 40 ден 80 мкР/саат, айрым жерлеринде 130-150 мкР/ саатка жетет. Радиоактивдүү кум үстүндөгү 25 метр тереңдикте жайгашкан. Ал эми казып алына турган урандан ядролук куралдар жасала турган "Уран-238" алынат. Бул эң күчтүү, радиоактивдүү зат. Совет убагында элден көп нерсе жашырылып келген, элден суралуучу да эмес. Жаратылыштан алынган урандан "Уран-238" жасалып атом бомбалар, ядролук куралдар жасалчу. Эми кенди кайра иштетүүдѳ байытуунун гравитациялык деп аталган ыкмасы колдонулушу мүмкүн. Гравитациялык ыкмада пайдалуу кендер химиялык заттар колдонулбастан алынат. Бир гана жүгүртмѳ суулар пайдаланылып, кийин ал жасалма кѳлгѳ топтолуп, кайра тазаланат. Бирок аны текшеришкендердин тамагын майлап койсо, кандай жол менен алынып жатканын ким билет? Кендин кийинки кайра иштетүүсү Кара-Балта тоо-кен комбинатында жүргүзүлѳт.
Азыркы учурда "Таш-Булак" кенинен түшкѳн материалдарды кайра иштетүү үчүн комбинатта ѳндүрүш жабдууларын кайра куруу жана оӊдоо иштери жүргүзүлүүдѳ. Иштете тургандар концентратты атайын коргоочу контейнерде ташыйбыз, бул айлана-чѳйрѳнү булгоого жол бербейт дешет. «Таш-Булак» кенин каржылоого 10 миллион доллар кетет, ошонун эсебинен кенде 200-220 жумушчу орду түзүлсө, Кара-Балта тоо-кен комбинатында 500 жумушчу иш менен камсыз болот. Программа 25 жыл убакытка эсептелген. Урандын терс жагы Жердин үстүнкү катмары жер алдындагы уран нур радиациясын жер үстүнө чыгарбай турат. Уран чыга турган "Таш-Булак" кени боюнча эл анын иштетилишине каршы чыгып, нааразылыгын айтып, кен казабыз деген шылтоо менен жердин үстүнкү катмары ачылса эмне болуп кетет дегендер да бар.
«Уран-238» - эң жогорку радиациялуу элемент, ал эмес вулкан атылган жерлерде урандын курамы болот экен. Урандан ядролук бомба жасалат, казып алууда технологияны сактабаса элди уулап, мутантка айлантат. Орусия менен АКШ ядролук куралдарды тыюу салган Рейган менен Горбачев түзгөн келишимден чыгышты, эми МАГАТЭге карабай жарыша куралдануу үчүн Орусия ядролук куралдарды чыгаруу үчүн бизден уран алган жатабы? Канча жумуш орду түзүлөт барын чыгарып коюшуптур, эсеп жагынан дегеле алдыга киши салдырбай калыппыз, ал эми экология эмне болот бир дагы жооп жок.
Кыргызстан Чернобылга айланышы мүмкүн, жүздөгөн жылдары «урод» балдар төрөлүп, элдер рак оорусуна чалдыгат - деген сөздөр угула баштады. Кенди иштеткенден кийин балдарыбыздын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, ар кыл илдеттерге чалдыгып, адамдардын жашоосу кыскарат. Уран кени ачылгандан кийин «Уран-238ден» чоочулап Ысык-Көлгө бир дагы эс алуучу келбей калат. Туристтер келбей койгону аз келгенсип, алма- өрүк мал жайытынын баары өлөт. Көөдөнү көрлөргө дүнүйө байлык мансап, аларга өз элине өлсө өлө берсин деген кайдыгер мамиле кылышууда. Түзүп беребиз деп жатышкан жумуш орундарынын кереги жок дешип уран кенинин иштетилишине каршылар да көбөйдү. Кыргызстандагы урандын тарыхы Кыргызстандын аймагында жалпы көлөмү 254 миллион метр куб кен калдыктарын сактоочу 92 жай бар. Алардын ичинен онго чукулуна уран калдыктары көмүлгөн. Кыргызстанда калдыктарды сактоочу жайлар 1966-1973-жылдарда жабылган. Кен калдыктар көмүлгөн жер 35-40 жылдан бери кароосуз калып, четиндеги тосмолору урап, ачык калган. Акыркы жылдардагы көчкү, жаракалардын күчөшү, сел жана эрозиялык кубулуштардын калдыктарды сактоочу жайларга тийгизген таасири, ошондой эле ремонттук калыбына келтирүү жумуштарына каражаттын аз бөлүнүшү Майлуу-Суу шаарындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Сумсар, Шекафтар, Кан шаарчаларындагы калдыктарды сактоочу жайларды начар абалга алып келди. Анын бири уран-көмүр кени Кажы-Сайда жайгашып, 1952-жылдан 1966-жылга чейин иштетилген. Чогулган материалдын көлөмү 150 миң куб метрге жетет. 1960-жылдары бул жердин үстү жагы гана жабылган. Бирок, убакыттын өтүшү менен аны суу жууп кетип жатат. МАГАТЭ менен "Росатом" ишканасынын ортосунда Кыргызстандагы айрым уран калдыктары сакталган жайларды иреттөө тууралуу макулдашууга кол коюлган. Анын ичинде Кажы-Сай да бар. Майлы -Суу шаарынын чет-жакасына көмүлгөн уран калдыктары бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын 60 миллион чамалаш калкына коркунуч келтирип турат. Кыргызстандагы уран калдыктарынын көбү Майлы -Сууда жайгашкан. Нарын облусунун Миң-Куш айылына көмүлгөн уран сакталган жерди суу капташы мүмкүн.
Нарындын Жумгал районуна караштуу Миң-Куш шаарчасында уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Союз тушунда аталган жайда уран кени казылып, анын калдыктары «Туюк-Суу», «Талды-Булак», «Как» жана «Дальнее» деген жерлерге көмүлгөн Миң-Куштун айрым тургундары уран калдыктары сакталган жерден темир-тезек терип, аны кайра сатып оокат кылышат. Буга биринчи кезекте жумушсуздук таасирин тийгизсе, экинчиден, калдык сакталган жайда узак убактан бери бекемдөө иштери жасалбагандыктан үстүндөгү коргоочу катмар оор акыбалга келген. Эгер уран калдыгына жуурулушкан суу Нарынга, андан Сыр-Дарыяга куюлуп кете турган болсо, Борбор Азияга экологиялык чоң зыян алып келет. Акыркы 30 жылда уулуу заттарды жаап-жашыруу унутулуп, олуттуу жумуштар жасалган эмес. "Уран-238" Кыргызстан кааласа, каалабаса да "Уран-238" ди алыш үчүн, кенди казып алууда жана Кара-Балта тоо-кен комбинатында иштетүүдө МАГАТЭнин көзөмөл алдында болот. СССР заманында МАГАТЭ эмес, Москванын көзөмөлүндө болушкан. Балким, уран кендерин иштеткенге бийлик өзү ынтызар.
Орусия президенти Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарында уран иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Уран иштетүү оюн эмес, буга МАГАТЭнин уруксаты болуш керек. Азырынча мурунку СССРден калган уран калдыктарын жоготуп алсак болмок. Урандын биздин өлкөнүн жаратылышындагы өлчөмү кеңири эсептелген. Кептин баары аны жер катмарынан руда катары казып алуу, кайра иштетүү негизинде таза уранды "Уран-238" ди алуу жана аны экспортко чыгарууда жатса керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg