www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырды.

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров менен Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишти.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын билдирди:

"Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат".

Өкмөт, бийлик тараптан макулдашуу тууралуу комментарий бериле элек.

Долбоор комитетте жабык каралды. Документти комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Долбоорду жабык кароого комитеттин он мүчөсүнүн үчөө - депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков каршы болушту.

Макулдашуунун долбооруна добуш берген Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмеси:

Улан Примов (Ата Журт Кыргызстан),

Чолпон Султанбекова (Ишеним),

Лейла Лурова (Ынтымак),

Миргүл Темирбаева (Ишеним),

Ырысбек Атажанов (Кадамжай району),

Улан Бакасов (Нарын району),

Жылдыз Таалайбек кызы («Ишеним»).

Булак: NazarNews.kg  


Последние новости