www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.
Анын ичинде Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жактырылды.
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы Мирзамир Сыдыков документ мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын жана мамлекеттик күзөт органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталганын билдирди.
Мындан тышкары, комитет Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун, ошондой эле жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүүгө байланыштуу эл аралык протоколдорду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоду.
Ошондой эле риелтордук ишмердүүлүктү жөнгө салууга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоору да биринчи окууда жактырылды.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Конституциялык соттун судьясы Карыбек Дүйшеевди кызмат ордунан бошотуу маселесин карап, тиешелүү сунушту колдошту.