www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Баяндамачы, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда.

«Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда», — деди Октябрь Урмамбетов.

Талкуу маалында депутаттар Азамат Исираилов менен Улукбек Узакбаев мас абалында оор эреже бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу менен гана чектелбей, кошумча айып пул салуу жолун караштырууга чакырды. Депутат Абдылдабек Эгембердиев орточо ылдымдыкты көзөмөлдөө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагын санариптештирүү боюнча аткарылып жаткан иштерге кызыкты. Депутат Болот Ибрагимов айып пул салуудагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, айдоочунун мастыгын жеринен аныктоо үчүн заманбап алкотестерлерди колдонуу жана тармактагы кызматкерлерге жетиштүү кам көрүү керектигин билдирди. Депутат Нурбек Сыдыгалиев жаштар арасында жол кырсыктары көп катталып жатканын айтып, зарыл болсо айдоочулук күбөлүктү алуу жаш курагын 21 жашка чейин жогорулатууну сунуштады.

Последние новости