www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК референдумду 11-апрелде өткөрүүгө макулдук берди

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүүгө макулдук берди.

Аталган мыйзам долбооруна бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат «макул», алтоо «каршы» добуш берди.

Белгилей кетсек, референдум дайындоо боюнча маселе кечээ, 10-мартта, экинчи окууда каралган. Үчүнчү окууну кароо боюнча айтылган эмес. Ал эми бүгүн үчүнчү окууда дагы добуш берилди.

Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү «макул», тогузу «каршы» добуш берген.

Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган. Бул мыйзамга бүгүн кечке чейин президент кол коюшу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости