www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш 21-январдагы жыйынында Министрлер кабинети сунуштаган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун четке какты.

Документке 71 депутат “каршы”, үч депутат “макул” деп добуш берди.

Парламенттин жыйынында бир катар депутаттар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын азайта турган мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин айтып, сынга алышты.

“Жергиликтүү кеңештердин канатын кыркып, колу-бутун сындырып мунжу кылып атабыз. Эгерде мындай мыйзам кабыл ала турган болсок мэрияны болуштук деп эле коёлу. Мэрлер жалгыз өзү хан, жарым паша болуп коррупциянын башаты ушул болот”, - деди депутат Нуржигит Кадырбеков.

Бул документти өткөн жумада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитети биринчи окуда колдогон.

Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок, өзү бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктарын берүү сунушталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости