www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКда нефрологдун камалышы боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 16-сентябрда, Жогорку Кеңеште Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрологу Насира Бейшебаеванын камалышына байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Илим Кубанычбеков дарыгерди үч жылга эркинен ажыраткан окуя жалпы медицина кызматкерлерине сокку болгонун белгиледи.

Ушул эле маселени парламенттин жыйынында дагы бир депутат Жылдыз Садырбаева дагы көтөрүп, ишти адилет териштирүүгө чакырды.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери, «кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткарган» деген айып тагылган Насира Бейшебаеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алуу чечимин чыгарган.

Последние новости