www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Руслан Жээнбековдун ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробековдун, Талас ОИИБнин жетекчиси милициянын полковниги Азенбек Козукеевдин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен авточарбалардын жетекчилири ошондой эле билим берүү өкүлдөрүнүн катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу багытындагы көрүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө ЖКККББнын жетекчилиги жол коопсуздугу багытында өлкө башчынын 1-сентябрдан тартып күчүнө кирүүчү тапшырмасын жеткирип, анын алкагында жумушчу топ түзүлөөрүн жана тийиштүү ченемдик-укуктук актылар иштелип жаткандыгын белгиледи.
Ошондой эле өлкө аймагындагы жол коопсуздугунун абалына токтотулуп, жол кырсыктарына себепкер болгон учурлардын алдын алуу, жолдордун абалына, унаалардын техникалык каражаттарына, коопту болгон жол тилкелерине тийиштүү эскертүү жол белгилеринин, тосмолорунун болууларына, ал эми өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууда билим берүү мекемелери менен биргеликте тыгыз иш алып баруу жагдайларын белгиледи.