www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев ЖКККББнын Мониторинг борборунун жана Бишкек шаардык МККБнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында Мониторинг борборунун имараттык шарттары, материалдык-техникалык базасы, каржылык-чарбалык ишмердүүлүгү, калкты тейлөө жана сервердик кызмат көрсөтүү системалары, ошондой эле санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жеринен таанышты.

Башкы башкармалыктын башчысы аныкталган айрым кемчиликтерди жоюу жана Мониторинг борборунун ишин өркүндөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле калктын коопсуздугун камсыздоо, жол кыймылынын тартибин чыңдоо жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы тапшырмаларды койду.

 

Последние новости