www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлерине “Ички иштер органдарынын өздүк курамын кышкы кийим кийүүгө өткөрүү жөнүндө” буйругу жеткирилип, өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү.

Анда, ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев, өздүк курамдын сырткы келбетин, форма кийүү эрежелеринин сакталышын, кесиптик даярдыгын жана күжүрмөн моралдык-психологиялык абалын текшерди.

Ошондой эле, өздүк курамды көзөмөлдөгөн кураторлорго ИИМдин талаптарына ылайык төмөнкү тапшырмалар берилди:

— тартип жана мыйзамдуулукту биринчи орунда сактоо;

— кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болуу;

— кызматынан кыянаттык менен пайдаланбоо жана туура эмес көрүнүштөргө жол бербөө;

— кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүү;

— тажрыйбасы мол кызматкерлерди насаатчы катары дайындоо;

— жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү.

 

Последние новости