www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) 2027-жылы Россия, Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагында бир катар ири биргелешкен машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Таалатбек Масадыков коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, программага командалык-штабдык жана куткаруу машыгуулары кирет. Ар бир машыгуу өзүнчө аталыш менен өткөрүлөт.
«Планга ылайык, “Өз ара аракеттенүү”, “Бузулгус бир туугандык”, “Чек-2027” жана “Кобальт-2027” аттуу машыгууларды өткөрүү каралган», — деди Масадыков.
План боюнча машыгуулар катышуучу өлкөлөр арасында төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
• Тажикстанда — “Өз ара аракеттенүү” машыгуусу,
• Кыргызстанда — “Бузулгус бир туугандык”,
• Россияда — “Чек-2027”,
• Беларусьте — “Кобальт-2027” өтөт.
Аскердик машыгуулардан тышкары, ЖККУга мүчө өлкөлөр биргелешкен ишкердик оюнун да өткөрүшөт. Анын алкагында бириккен штаб жана ыкчам топтор уюмдун жоопкерчилик аймагындагы кризистик кырдаалдарга чара көрүү алгоритмдерин иштеп чыгышат.
Белгиленгендей, мындай машыгуулар жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн координациясын чыңдоого жана өзгөчө кырдаалдарда биргелешип аракеттенүүгө даярдыкты жогорулатууга багытталган.