www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун телеграмм каналында басма сөз катчысы Наталья Харитонованын билдирүүсү жарыяланып, анда ал Европа аскерлеринин Украинанын аймагына кириши мүмкүндүгү тууралуу билдирүү жасады.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ) Европа өлкөлөрүнүн аскердик контингенттери Украинага киргизилген учурда кандай кадамдар болушуу тууралуу айтылды.

«Украинага Европа өлкөлөрүнүн аскердик контингенттери киргизилген учурда, аймакта жаңы коопсуздук коркунучтары болушу мүмкүн. Бул уюмдун айрым мүчө мамлекеттерин жана уюмдун өзүн да тынчсыздандырбай койбойт. Уюм мындай жардам сураган өлкөгө жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын сунуштоого даяр. ЖККУнун уставдык документтерине толук ылайык жана ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимдерине ылайык гана иш алып барат», — деп билдирет ЖККУ.

Украинага Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн аскердик контингенттерин киргизүү ыктымалдыгы тууралуу Киев менен Вашингтондун ортосундагы мамилелердин кескин начарлашынын фонунда, ошондой эле бир катар европалык лидерлердин АКШга көз чаптырбастан Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрүндө сөз болду.

ЖККУнун расмий сайтында маалымдалгандай, Жамааттык коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) 1992-жылы түзүлгөн. Анын курамына постсоветтик мейкиндиктеги 6 өлкө-Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Последние новости