www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖККУнун эл аралык аскердик кызматташтык бөлүмдөрүнүн башчыларынын жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкелериндеги чыңалууну басаңдатуу боюнча коргоо ведомстволорунун жетекчилерине сунуштар иштелип чыкты. Бул тууралуу Эл аралык аскердик кызматташтык департаментинин башчысы – Беларустун Коргоо министринин эл аралык аскердик кызматташуу боюнча жардамчысы Валерий Ревенко билдирди.
Ошондой эле уюмдун жооптуу чөйрөлөрүндөгү аскердик-саясий кырдаалдын маселелери талкууланып, Беларустун төрагалыгынын алкагында эл аралык аскердик кызматташтыктын чаралары такталды.
Жолугушуу Минск шаарында өттү.
Булак: NazarNews.kg