www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча үн катты

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында атышууну тез арада токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалым болгондой, Станислав Зась эки өлкөнүн тең Коопсуздук кеңешинин катчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Буга кошо, ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанга жаңжалды чечүү үчүн керектүү жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Жерине УКМКнын Баткен облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Баткен чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров жөнөп кеткен.

Аталган аймактагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости