www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ стратегиялык командалык-штабдык машыгуу өткөрөт. Анда Борбор Азия регионунда кризистик кырдаал жаралуу кооптуулугу курчуп кеткен шартта абалды турукташтыруу маселеси иштелип чыгат. Бул туурасында уюмдун маалымат кызматы билдирди.

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов машыгуу “эл аралык оор кырдаалда өтөрүн” айтты. Негизги максаттарынын бири — жамааттык антикризистик аракеттердин алгоритмин тактоо жана алардын эффективдүүлүгүнө баа берүү.

Иш-чара Бириккен штабдын начальниги, генерал-полковник Андрей Сердюковдун жетекчилиги астында өтөт. Бул үчүн аскердик-саясий машыгуу жайы жана стратегиялык кырдаал түзүлдү.

“Машыгуунун планы боюнча Борбор Азияда ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы аймакка коркунуч туудурган кырдаал жаралат. Анан мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасына жардам сурап кайрылат. Кезексиз сессиянын жыйынтыгында кеңеш тынчтыкты колдоого багытталган операция жүргүзүү чечимин кабыл алат”, — деп айтылат маалыматта.

Чечимди аткаруу үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн Кризистик чара көрүү борбору жана ыкчам топ түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости