www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Онлайн саммитти ЖККУга кирген өлкөлөрдүн лидерлери өткөрөт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат.

"КРнын башчысы өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, ал турукташтыруу багытында өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен сүйлөшүүсү талап кылынат. Касым-Жомарт Токаев жакынкы күндөрү Армениянын төрагалыгы алдында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференциясын өткөрүү демилгесин көтөрдү. Владимир Путин бул сунушту колдоду", - деп билдирди Кремлдин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан "Скорпион" атайын күчтөрү жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости