www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Ереванда өтүп жаткан саммитте сүйлөп жатып, эгер эки мамлекет туура көрсө, уюм кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салууга жардам бере аларын белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Борбордук Азия регионунда кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салууга өзгөчө көңүл бөлөбүз. ЖККУнун эки өлкөгө жардам көрсөтүүгө ресурсу да, тажрыйбасы да жетиштүү", — деди Зась.
Анын айтымында, уюм мындай кадамга Тажикстан менен Кыргызстан зарыл деп эсептесе гана барарын белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында такталбаган аймактардан улам байма-бай чыр чыгып келет. Акыркы ирет үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында тажик тарап кол салып, натыйжада Кыргызстан 50гө чукул кишисинен айрылды.
Булак: NazarNews.kg