www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась өзөктүк куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө баа берди.
ЖККУнун баш катчысы бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен бир гана Орусия өзөктүк куралга ээ экенин, ал эми аны колдонуу учурларын аскердик доктрина жөнгө салып турганын эске салды.
Анын пикиринде, азыркы чыңалган кырдаалда да ядролук куралды колдонуу "мындай кадамдардын мүмкүн болуучу катастрофалык кесепеттерин Орусия гана эмес, дүйнөлүк саясаттын бардык субъекттери түшүнүү менен" жокко чыгарылат.
"Азыркы шарттарда ядролук куралды колдонуу мумкунчулугун жокко чыгарам", — деп корутундулады Зась.
Буга чейин Зась уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери ЕККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына орус делегациясынын жол берилбестигине каршы экенин билдирген. Анын айтымында, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жыйынга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылгандан кийин министрлер жамааттык билдирүү кабыл алышкан. Башкы катчы Лавровдун кабыл алынбашы ЕККУнун өзүнө зыян экенин баса белгиледи. Мындан тышкары ЖККУ да чакыруу алган эмес, деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg