www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Акылбек Түмөнбаев жана Улукбек Узакбаев Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймакка тиешелүү орчундуу социалдык көйгөйлөр талкууланды. Атап айтканда, экология маселеси, өзгөчө, абанын булганышы бүгүнкү күндө эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири экени белгиленди. Ишканалар тарабынан абага чыгарылган зыяндуу заттарды көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгы айтылып, бул багытта жетиштүү чаралар көрүлбөй жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле турак жай секторун газдаштыруу маселеси көтөрүлдү. Акыркы беш жылдан ашуун убакыттан бери тургундар газ менен камсыздоону күтүп келе жатышат. Айрым тургундар жеке каражатынын эсебинен газ киргизүүгө жетишкен. бирок мындай мүмкүнчүлүк баарында эле жок дешет шаардык кеңештин депутаттары. 

Жолугушуунун жыйынтыгында эл өкүлү көтөрүлгөн маселелер боюнча тийиштүү министрликтер менен биргеликте иш алып барып, алардын чечилишин жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирди.

Последние новости