www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Дубайда өткөн Дүйнөлүк өкмөттөрдүн саммитинин алкагында өткөрүлгөн министрликтердин деңгээлиндеги тегерек столго катышты.
Анда сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев дүйнө системалуу түрдө – климаттык, сууга, тамак-ашка жана социалдык көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгиледи. Мындай шарттарда Туруктуу өнүктүрүү максаттарга жетүү үчүн комплекстүү жана узак мөөнөттүү тобокелдиктерди башкарууга өтүү талап кылынат.
Климаттын өзгөрүшүнүн шартында суунун тартыштыгы көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасы Борбор Азиянын дарыяларынын башатын түзгөн тоолуу өлкө катары аймактын суу экосистемасынын туруктуулугу үчүн өзгөчө жоопкерчилик тартат жана эл аралык форумдарда суу маселесин ырааттуу түрдө көтөрүп келет.