www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Карим Ханджеза Ош шаарындагы онкологиялык борборду жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында «AME International» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. 

Жолугушууга аталган компаниянын башкы директору Эккехарт Штремитцер, долбоордун жетекчиси Евгений Короткевич жана долбоордун эксперти, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев катышты.

Анда тараптар онкологиялык борборду заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жумуштарды бүткөрүү мөөнөттөрү, жабдуулардын техникалык параметрлери жана күтүлгөн натыйжалар тууралуу кеп болду. 

Төраганын орун басары бул долбоор мамлекеттик мааниге ээ экендигин белгилеп: «Анткени өлкөнүн түштүк аймагындагы калкты залалдуу шишик боюнча заманбап ыкмалар менен диагностикалоо жана дарылоого багытталган. Муну менен онкологиялык жардамдын сапаты жогорулап, илдетти эрте аныктоо көрсөткүчтөрүн жакшыртууга өбөлгө түзүлөт. Бейтаптарда да алыска барып дарыланууга муктаждык жаралбайт», - деди. 

Последние новости